Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushТаласта ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында спартакиада өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында, спартакиада өткөрүлгөн.

Мелдешке Талас ОИИБдин, Талас ШИИБдин, ошондой эле Талас, Бакай-Ата, Манас, Айтматов райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери катышты. Спорттук иш-чаранын алкагында чоң футбол, гиря көтөрүү, таяк тартыш жана аркан тартыш боюнча күч сынашуу уюштурулду.

Спартакиаданын жыйынтыгында:

– 1-орунду Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) командасы;

– 2-орунду ИИМдин Күзөт кызматынын Талас шаарындагы бөлүмүнүн командасы;

– 3-орунду Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) командасы камсыз кылышты.

Жеңүүчү командаларга уюштуруучулар тарабынан кубок, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version