Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — 16-май күнү президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Энелер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Маалым болгондой, майрамдык салтанатка Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев катышты. Иш-чарада ар кыл тармактарда эмгектенген жана балдарды тарбиялоодо үлгү болгон аялдарга, көп балалуу баатыр энелерге ардак грамоталар, белектер тапшырылды. Салтанат концерттик саамалык менен коштолду.
«Эне — бул ыйыктык. Ар бир эненин сүйүүсү, мээрими, сабыры менен коом өнүгөт. Биз сиздерге таазим этебиз», – деди облус жетекчиси.
Бүгүнкү күндө Ош облусунда 10 миң 656 «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» медалына ээ болгон 1260 айым бар.
- Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жумасында белгиленип келет.
 
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					