Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush16-май күнү президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан Энелер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Маалым болгондой, майрамдык салтанатка Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев катышты. Иш-чарада ар кыл тармактарда эмгектенген жана балдарды тарбиялоодо үлгү болгон аялдарга, көп балалуу баатыр энелерге ардак грамоталар, белектер тапшырылды. Салтанат концерттик саамалык менен коштолду.

«Эне — бул ыйыктык. Ар бир эненин сүйүүсү, мээрими, сабыры менен коом өнүгөт. Биз сиздерге таазим этебиз», – деди облус жетекчиси.

Бүгүнкү күндө Ош облусунда 10 миң 656 «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» медалына ээ болгон 1260 айым бар. 

  • Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жумасында белгиленип келет.

     

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version