Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык мушкер Азирет Автандилов өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында алтын медаль утту.
2007-2008-жылдары туулган спортчулар арасындагы мелдеш ушул күндөрү Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жатат, 22-майда финалдык беттештер болду.
Автандилов 86 кг чейинки салмак категориясында чыккан.
Кыргызстандык спортчу 1/2 финалдык баскычтан баштап, казакстандык спортчу менен беттешип, аны жеңген.
22-майда Автандилов финалдык беттеште Индиядан келген Яш Кумар менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар кыргызстандык спортчуга 5:0 эсебинде жеңишти ыйгарышты.
Автандилов 1-орунду ээлеп, алтын медаль утту.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
