Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандык мушкер Азирет Автандилов өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатында алтын медаль утту.

2007-2008-жылдары туулган спортчулар арасындагы мелдеш ушул күндөрү Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жатат, 22-майда финалдык беттештер болду.

Автандилов 86 кг чейинки салмак категориясында чыккан.

Кыргызстандык спортчу 1/2 финалдык баскычтан баштап, казакстандык спортчу менен беттешип, аны жеңген.

22-майда Автандилов финалдык беттеште Индиядан келген Яш Кумар менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгы боюнча калыстар кыргызстандык спортчуга 5:0 эсебинде жеңишти ыйгарышты.

Автандилов 1-орунду ээлеп, алтын медаль утту.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version