Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Россия 22-майга караган түнү Украинага 128 сокку уруучу учкучсуз аппарат жана дрон-имитаторлор менен чабуул жасады, деп маалымдады Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аба күчтөрү.
Алардын арасында 74 аппарат атып түшүрүлүп, дагы 38 дрон «багытын жоготкондугу» айтылды.
Мындан тышкары, бир «Искандер-М» ракетасы менен сокку урулганы да кошумчаланды.
Чабуулдардан улам Харьков, Днепропетровск, Донецк жана Николаев облустары жабыркаган.
Харьковдо ракета жеке турак жайларга тийип, 8 үй талкаланып, 2 адам жабыркаганын шаар мэри Игорь Терехов билдирди.
Днепропетровск облусунда дрондордун массалык чабуулунан улам Павлоград шаарында өнөр жай ишканасы жабыркаган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
