Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Россия 22-майга караган түнү Украинага 128 сокку уруучу учкучсуз аппарат жана дрон-имитаторлор менен чабуул жасады, деп маалымдады Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аба күчтөрү.

Алардын арасында 74 аппарат атып түшүрүлүп, дагы 38 дрон «багытын жоготкондугу» айтылды.

Мындан тышкары, бир «Искандер-М» ракетасы менен сокку урулганы да кошумчаланды.

Чабуулдардан улам Харьков, Днепропетровск, Донецк жана Николаев облустары жабыркаган.

Харьковдо ракета жеке турак жайларга тийип, 8 үй талкаланып, 2 адам жабыркаганын шаар мэри Игорь Терехов билдирди.

Днепропетровск облусунда дрондордун массалык чабуулунан улам Павлоград шаарында өнөр жай ишканасы жабыркаган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version