Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бир жуманын ичинде Кыргызстандын аймагында Жол кыймылынын эрежелери бузулган 22 493 факт катталды, деп билдирди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы. Текшерүү 28-апрелден тарта 4-майга чейин жүргөн.
Алардын ичинен:
– 831 факт — тиешелүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу;
– 368 — автотранспорт каражаттарын мас абалында башкаруу;
– 7 — автоунаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу;
– 362 — жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда жол эрежелерин бузуу;
– 3719 — транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу;
– 30 — авто бейбаштык;
– 3231 — ылдамдыкты ашыруу;
– 6 — жасалма мамлекеттик номур менен транспорт каражаттарын башкаруу;
– 13939 — жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу.
Бир жумада 2890 автоунаа айып короого токтотулду.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					