Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бир жуманын ичинде Кыргызстандын аймагында Жол кыймылынын эрежелери бузулган 22 493 факт катталды, деп билдирди жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы. Текшерүү 28-апрелден тарта 4-майга чейин жүргөн.

Алардын ичинен:

– 831 факт — тиешелүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу;

– 368 — автотранспорт каражаттарын мас абалында башкаруу;

– 7 — автоунаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу;

– 362 — жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда жол эрежелерин бузуу;

– 3719 — транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу;

– 30 — авто бейбаштык;

– 3231 — ылдамдыкты ашыруу;

– 6 — жасалма мамлекеттик номур менен транспорт каражаттарын башкаруу;

– 13939 — жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу.

Бир жумада 2890 автоунаа айып короого токтотулду.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version