Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  1-майдан тарта эсеп-фактура иш жүзүндө жеткирилген күндөн кийинки 5 жумуш күндөн кечиктирбестен таризделиши керек, деп маалымдайт Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Мисалы, эгерде салык төлөөчү 12-майда товар жеткирсе же кызмат көрсөтсө, эсеп-фактураны милдеттүү түрдө жеткирүү күнү катары 12-майды көрсөтүү менен 16-майга чейин тариздөө зарыл.

Буга төмөнкү учурлар кирбейт:

– Салык кодексине ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен калкка товарларды сатуу, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу. Мындай учурларда эсеп-фактура отчеттук айдан кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен электрондук түрдө таризделет;

– тармактык уюмдар тарабынан канализацияны, лифттерди пайдалануу, катуу жана суюк калдыктарды чыгаруу, Интернет тармагына кирүү сыяктуу коммуналдык жана турмуш-тиричилик кызматтарын жеке жактарга жеткирүү, ошондой эле ысык жана муздак сууну, жылуулук энергиясын, электр энергиясын, газды жана электр байланыш кызматын жеткирүү.

Эсеп-фактура КНС боюнча өткөн салыктык мезгилдин акыркы күнүнөн кийинки айдын 25инен кечиктирилбестен таризделет.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version