Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  12-майдан 16-майга чейин Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Иштер күндүз, ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылгандан кийин саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол тазаланып жаткан учурда транспорт бир тилке боюнча өткөрүлөт.

30-40тан ашык автотранспорт топтолгон учурда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, автотранспорт өткөрүлөт.

Ишканадан билдиришкендей, иш-чара Бишкек—Нарын—Торугарт автожолунун тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version