Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызгидромет билдиргендей, 19-майда  Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болот. Түн ичинде Чүй жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, ошондой эле Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, ошондой эле Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түн ичинде +10…+15

күндүз +20…+25

Талас облусу

түн ичинде +7…+12

күндүз +19…+24

Баткен облусу

түн ичинде +13…+18

күндүз +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустары

түн ичинде +13…+18

күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусу

түн ичинде +7…+12

күндүз +15…+20

Нарын облусу

түн ичинде +3…+8

күндүз +15…+20

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +21…+23 градус болот.

Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +16…+18 градус болот.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version