Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Советтик «Космос-482» космостук аппараты Жердин орбитасынан чыгып, Инд океанына кулады. Станция 1972-жылы Венераны изилдөө үчүн учурулган. Бул тууралуу Роскосмостун басма сөз кызматы билдирди.
«Аппараттын түшүшү Жерге жакын космостук мейкиндиктеги кооптуу кырдаалдар жөнүндө эскертүүчү автоматташтырылган системанын каражаттары менен көзөмөлдөнгөн», – деп айтылат билдирүүдө.
Адистердин маалыматы боюнча, станция бүгүн, 10-майда Москва убактысы боюнча саат 9:24тө Жакартанын жанында океанга кулаган.
1972-жылы учурулгандан кийин аппарат техникалык көйгөйдөн улам Жердин жогорку эллиптикалык орбитасында калып, Венерага жеткен эмес. Андан бери станция акырындык менен Жерге жакындай берген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
