Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Советтик «Космос-482» космостук аппараты Жердин орбитасынан чыгып, Инд океанына кулады. Станция 1972-жылы Венераны изилдөө үчүн учурулган. Бул тууралуу Роскосмостун басма сөз кызматы билдирди.

«Аппараттын түшүшү Жерге жакын космостук мейкиндиктеги кооптуу кырдаалдар жөнүндө эскертүүчү автоматташтырылган системанын каражаттары менен көзөмөлдөнгөн», – деп айтылат билдирүүдө.

Адистердин маалыматы боюнча, станция бүгүн, 10-майда Москва убактысы боюнча  саат 9:24тө Жакартанын жанында океанга кулаган.

1972-жылы учурулгандан кийин аппарат техникалык көйгөйдөн улам Жердин жогорку эллиптикалык орбитасында калып, Венерага жеткен эмес. Андан бери станция акырындык менен Жерге жакындай берген.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version