Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Абыл Жапаркулов дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин негизинде Кең-Булун айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна Жапаркулов Абыл Кавакбекович Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Э.А.Сейтказиеванын 2025-жылдын 22-майындагы №38-б буйругу менен дайындалды.

Кең-Булуң айыл аймагынын жамаатына Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Азамат Абдылдаев тааныштырды.

Буга чейинки айыл өкмөт башчысы Бек Жекшенбаев өз арызы менен кызматтан кеткен.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version