Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushКөк-Мойнок каньону Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок-2 айылынын батыш тарабында жайгашкан.

Каньон Көк-Мойнок деп айылдын аталышынан аталган. Себеби каньон айылга жакын жайгашкан.

Көк-Мойнок каньонунда үңкүр бар. Жергиликтүү эл мурда анын ордунда көл болушу мүмкүн экенин билдиришти. Анткени үңкүр Ысык-Көл алдындагы жарларга окшош келип, андан туз чыгып турат.

Деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте жайгашкан үңкүрдүн сыры тууралуу айыл аксакалы буларга токтолду: «Улуу Ата Мекендик согуш башталган маалда фронттон качкан бир киши ушул үңкүргө келип, 4 жыл бою жашынып жаткан экен. Бул аралыкта ары-бери өткөн адамдарды тоноп, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн токойго жашырып турган. 1944-жылы ал киши аскерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн. Мындан улам үңкүр «Мыкаачынын үңкүрү» деп аталып калган. Азыр аянычтуу үндөр жалгыз өткөн адамга угулуп турат дешет», – деди алар.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version