Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushАк-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Ак-Чий айылында селден коргоочу дамба тазаланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын түштүк тарабында орун алган селден коргоочу дамбанын 500 метр аралыгы кум-шагылга толуп, суу батпай калгандыгына байланыштуу тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ишти аткарууга «Кадаң-Майстан«» муниципалдык ишкананын техникалары жана жумушчулары тартылып, жалпы 800 литр күйүүчү май сарпталды.

Ал эми каналдан тазаланып алынган кум-шагылдар айылдын 1,5 чакырым узундуктагы Чиркей Секиев көчөсүнө төгүлүп, көчөнү оңдоо иштери да аткарылды.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version