Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushАк-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын Көңдөй чөлкөмүндөгү селден коргоочу дамба тазаланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Шадыбековдун айтымында, 3 чакырым узундуктагы дамба казылып тазаланды.

«Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кызматынан 1 экскаватор жана 1 оор жүк ташуучу тралл тартылды. Көңдөй чөлкөмүндөгү дамбаны кайра казып тазалоо иштери 23-апрель күнү башталып, 26-апрель күнү аяктап, жалпы 76 үй жана сарайлар корголду», – деди Шадыбеков.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version