Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 6-майда саат 14:08де Тажикстандын аймагында, тактап айтканда кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай кырка тоосунда, Бор-Дөбө айылынан 23 км түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 38 км түштүктө, Нура айылынан 48 км түштүк-батышта, Ош шаарынан 142 км түштүк-чыгышта жайгашкан.
Алай районунун Бор-Дөбө айылында жер титирөөнүн күчү 4 баллга, Кара-Киндик жана Нура айылдарында 3,5 баллга жакын сезилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					