Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  6-майда саат 14:08де Тажикстандын аймагында, тактап айтканда кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде очогундагы күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай кырка тоосунда, Бор-Дөбө айылынан 23 км түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 38 км түштүктө, Нура айылынан 48 км түштүк-батышта, Ош шаарынан 142 км түштүк-чыгышта жайгашкан.

Алай районунун Бор-Дөбө айылында жер титирөөнүн күчү 4 баллга, Кара-Киндик жана Нура айылдарында 3,5 баллга жакын сезилди.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version