Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush33 жаштагы Арстанбек уулу Тилек Москва районуна караштуу Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу «Таза-Булак» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Маалым болгондой, ал буга чейин аталган ишканада башкы инженер болуп иштеген. 3 баланын атасы. 

«Таза-Булак» муниципалдык ишканасында 63 кызмаркер эмгектенет. Ишкана 12 атайын техникалар менен камсыздалган.

Административдик-аймактык реформадан кийин Садовой, Сретенка жана Александровка айыл аймактары бириктирилип, Садовой айылы административдик борбору болуп аныкталып, жаңы аталыштагы Миң-Булак айыл аймагы түзүлгөн. Анда калкынын саны 34 622 адам. Айыл аймакта 143 ички көчө бар.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version