Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районунда жумушчу бош орундар жармаңкеси уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. 

Маалыматка караганда, иш-чарага Ат-Башы районунун аймагындагы жумуш берүүчүлөр, калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери, мамлекеттик мекемелер, банктар, кафе-ресторан ээлери жана башка менчик ишканалар катышты.

Анын алкагында учурда 147 бош жумуш орду бар экени маалымдалып, жарандарга бош орундар, жумушка орношуу шарттары жана жол-жоболору боюнча кеңештер берилди. Ошондой эле, жумушсуз жарандарга кыска мөөнөттүү кесиптик окуулар тууралуу маалыматтар айтылды.

Ат-Башы райондук №32 кесиптик лицейи тарабынан компьютердик сабаттуулук, тигүүчүлүк жана сүттү кайра иштетүү сыяктуу багыттар боюнча окуу курстарынан өтүп, сертификат алуу мүмкүнчүлүгү сунушталды.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version