Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 16-майда «Авангард Стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Миңкеевге жана Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын башчысы Тилек Кадыкеевге карата бөгөт коюу чарасын карады.
Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей:
– Кадыкеев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор зыян келтирүү) боюнча;
– Миңкеев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бөлүгү жана 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү, этиятсыздыктан оор зыян келтирүү) боюнча шектелүүдө.
Алар 13-июлга чейин үй камагына чыгарылды.
Буга чейин УКМК Миңкеев менен Кадыкеев курулуш объектилеринде болгон кырсыктар — адамдар кулап каза болгон фактылар боюнча камакка алынганын билдирген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
