Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 16-майда «Авангард Стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Миңкеевге жана Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын башчысы Тилек Кадыкеевге карата бөгөт коюу чарасын карады.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей:

– Кадыкеев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор зыян келтирүү) боюнча;

– Миңкеев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бөлүгү жана 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөшүү, этиятсыздыктан оор зыян келтирүү) боюнча шектелүүдө.

Алар 13-июлга чейин үй камагына чыгарылды.

Буга чейин УКМК Миңкеев менен Кадыкеев курулуш объектилеринде болгон кырсыктар — адамдар кулап каза болгон фактылар боюнча камакка алынганын билдирген.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version