Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЭргешов Азамат Жолбаевич Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул боюнча буйрукка Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Данир Иманалиев кол койгон. 

Азамат Эргешов бүгүн, 12-май күнү аталган айыл өкмөттүн кызматкерлерине тааныштырылды.

Азамат Эргешов 1988-жылы 23-апрелде Баткен районунун Согмент айылында төрөлгөн. Буга чейин Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүндө салыкчы, эсепчи кызматтарында иштеп жүргөн.

Билими жогорку, үй-бүлөлүү.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version