Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushБүгүн, 19-майда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Уүтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version