Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы бүгүн, 27-апрелде Түркиянын курама командасы менен беттешет.

Беттеш Стамбул шаарында үчүнчү дивизиондун А тайпасындагы командалар арасындагы дүйнө чемпионатынын акыркы 5-турунун алкагында өтөт. Оюн Бишкек шаарынын убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

Төрт турдун жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 12 упай менен 1-орунда турат.

Түркиянын курама командасында 9 упай бар. Аны менен 2-орунду ээлеп турат. Түркмөнстандын курама командасы 9 упай менен турнирдик таблицада 3-орунда.

Турнирдин жыйынтыгында бир гана команда экинчи дивизионго (В тайпасы) жолдомо алат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version