Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush

Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан Шарап Токсонов атындагы орто мектептин 2005-жылкы бүтүрүүчүлөрү жалгыз бой, турмуш шарты оор классташы Зарина Амаловага үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, классташтары 20 жылдык бүтүрүү кечесин көңүл ачуунун ордуна, кайрымдуулук иши менен белгилөөнү чечишкен. Бул демилге 2 жыл мурда көтөрүлүп, 1,5 жыл ичинде ишке ашырылган.

Үй куруу үчүн жер тилкеси айыл өкмөтү тарабынан берилген. Зарина Амалова 4 кызды тарбиялап жаткан жалгыз бой эне.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version