Баткенде кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди (тизме)

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Баткен облусунда кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди. Аларга арналган айкелге гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен РИИБде жалпысынан 6 кызматкер кызмат учурунда каза болгон. Алар:

– Рысбай Ташмуратов;

– Өскөнали Акматов;

– Муса Исабаев;

– Каныбек Исмаилов;

– Уланбек Рахманов.

Ал эми Касым Шадыбеков баатырларча душмандын колунан каза болгон.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарындагы кызмат учурунда каза тапкан кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнөн ШИИБ тарабынан кабар алынып, белектер берилди.

Кызыл-Кыя шаарында ички иштер органдарында иштеп жүрүп 7 кызматкер кызмат учурунда каза болгон. Алар: 

– милициянын лейтенанты — Тойчиев Баатырбек Пазылович 29 жашында кылмышкердин бычагынан курман болгон;

– милициянын ага лейтенанты — Илязов Джалалидин Илязович 43 жашында иш ордунда жүрөк оорусунан каза болгон;

– милициянын старшинасы — Ысманов Кылычбек Илязович 31жашында кылмышкердин огунан курман болгон;

– милициянын сержанты — Бердалиев Гуламжан Абдумуталипович 27 жашында кылмышкердин огунан курман болгон;

– милициянын ага лейтенанты — Тургунбаев Нургазы Сайдалиевич 25 жашында жол кырсыгынан каза болгон.

 – милициянын майору — Шамшиев Дилмурат Дарманович Ош—Бишкек авто жолунда бензовоз кулап калып, өрттөнүп жаткан айдоочуну куткарам деп, 41 жашында өрттөн жабыркап каза болгон;

– милициянын капитаны — Акуналиев Орозмамат Акуналиевич Шамшиев Дилмурат менен чогуу болгондуктан, адам өмүрүн өрттөн сактайм деп 30 жашында каза болгон.

– милициянын полковниги — Султанов Адилбек Карабаевич 2010-жылы Ош ОИИБдин Кара-Суу РИИБдин жетекчиси болуп иштеп жатып, Ош окуясында каза болгон.

Каза болгон кызматкерлердин атына мектептерде окуу класстары ачылып, көчөлөргө ысымдары ыйгарылган.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link