Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushБаткен облусунда кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер эскерилди. Аларга арналган айкелге гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен РИИБде жалпысынан 6 кызматкер кызмат учурунда каза болгон. Алар:

– Рысбай Ташмуратов;

– Өскөнали Акматов;

– Муса Исабаев;

– Каныбек Исмаилов;

– Уланбек Рахманов.

Ал эми Касым Шадыбеков баатырларча душмандын колунан каза болгон.

Ал эми Кызыл-Кыя шаарындагы кызмат учурунда каза тапкан кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнөн ШИИБ тарабынан кабар алынып, белектер берилди.

Кызыл-Кыя шаарында ички иштер органдарында иштеп жүрүп 7 кызматкер кызмат учурунда каза болгон. Алар: 

– милициянын лейтенанты — Тойчиев Баатырбек Пазылович 29 жашында кылмышкердин бычагынан курман болгон;

– милициянын ага лейтенанты — Илязов Джалалидин Илязович 43 жашында иш ордунда жүрөк оорусунан каза болгон;

– милициянын старшинасы — Ысманов Кылычбек Илязович 31жашында кылмышкердин огунан курман болгон;

– милициянын сержанты — Бердалиев Гуламжан Абдумуталипович 27 жашында кылмышкердин огунан курман болгон;

– милициянын ага лейтенанты — Тургунбаев Нургазы Сайдалиевич 25 жашында жол кырсыгынан каза болгон.

 – милициянын майору — Шамшиев Дилмурат Дарманович Ош—Бишкек авто жолунда бензовоз кулап калып, өрттөнүп жаткан айдоочуну куткарам деп, 41 жашында өрттөн жабыркап каза болгон;

– милициянын капитаны — Акуналиев Орозмамат Акуналиевич Шамшиев Дилмурат менен чогуу болгондуктан, адам өмүрүн өрттөн сактайм деп 30 жашында каза болгон.

– милициянын полковниги — Султанов Адилбек Карабаевич 2010-жылы Ош ОИИБдин Кара-Суу РИИБдин жетекчиси болуп иштеп жатып, Ош окуясында каза болгон.

Каза болгон кызматкерлердин атына мектептерде окуу класстары ачылып, көчөлөргө ысымдары ыйгарылган.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version