Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 1905-жылы туулган Кызыл армиянын жоокери Маман Айтматовдун туугандары изделүүдө. Бул тууралуу 23-майда «Витебскоблгаз» ишканасынын издөө отряды билдирди.
Ал 381-чи аткычтар дивизиясынын курамына кирген 1259-чу аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Маман Айтматов 1943-жылдын 24-декабрында Беларус ССРинин Витебск облусунун Городок районунда курман болгон.
«Анын жана башка жоокерлердин ысымдарын Витебск облусунун аймагындагы бир туугандык көрүстөнгө түбөлүккө сактоо боюнча иш-чара даярдалууда», – деп айтылат билдирүүдө.
Маман Айтматов Кыргыз ССРинин Баткен районунда туулгандыгы белгилүү. Жубайы – Мирза Айтматова. Ал Баткен районунун Рават айылдык кеңешинин Молотов атындагы колхозунда жашаган.
Туугандары peterenkovan@vitebsk.oblgas.by электрондук почта дареги боюнча байланыша алышат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
