Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  1905-жылы туулган Кызыл армиянын жоокери Маман Айтматовдун туугандары изделүүдө. Бул тууралуу 23-майда «Витебскоблгаз» ишканасынын издөө отряды билдирди.

Ал 381-чи аткычтар дивизиясынын курамына кирген 1259-чу аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Маман Айтматов 1943-жылдын 24-декабрында Беларус ССРинин Витебск облусунун Городок районунда курман болгон.

«Анын жана башка жоокерлердин ысымдарын Витебск облусунун аймагындагы бир туугандык көрүстөнгө түбөлүккө сактоо боюнча иш-чара даярдалууда», – деп айтылат билдирүүдө.

Маман Айтматов Кыргыз ССРинин Баткен районунда туулгандыгы белгилүү. Жубайы – Мирза Айтматова. Ал Баткен районунун Рават айылдык кеңешинин Молотов атындагы колхозунда жашаган.

Туугандары peterenkovan@vitebsk.oblgas.by электрондук почта дареги боюнча байланыша алышат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version