Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Билим АКИpress – Узак жылдар бою агартуу тармагында эмгектенип келген Кадыр Кемелов 83 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралүу НМУнун эмгек жамааты билдирди.

Кадыр Кемелоа 1942-жылы 4-июлда Нарын районунда Жданов атындагы колхоздун Төш-Булак айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Мектепти 1965-жылы бүтүп, ошол жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетине тапшырып, 1970-жылы аяктаган.

Эмгек жолун Нарын шаарындагы Киров атындагы орто мектепте химия, биология мугалими болуп баштаган. 1974-жылы областтык билим берүү башкармалыгына метод кабинеттин башчысы болуп дайындалган. Бул кызматта 1988-жылга чейин иштеген. Андан кийин областтык мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда усулдук кабинеттин башчысы болуп эмгектенип, мугалимдердин алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу боюнча 20дан ашык китепчелерди чыгарган.

1996-жылдан 2013-жылга чейин Нарын мамлекеттик университетинде методист болуп эмгек жолун уланткан.

Билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн 1976-жылы «Билим берүүнүн отличниги» болгон. 1987-жылы «Эмгек ветераны» медалы менен сыйланган.

2015-жылы «Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы» наамы, 2019-жылы «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилген.

3 уул, 4 кыздын атасы. 15 небереси, 13 чөбөрөси бар.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version