Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандагы психиатриялык ооруканалардагы бейтаптардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн акча эки эсеге көбөйдү, деп маалымдады Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы.

Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери Республикалык психиатрия жана наркология борборунда жана Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын тамак-ашынын сапатына жана шарттарына мониторинг жүргүзүшкөн. Изилдөө учурунда бейтаптардын тамак-ашынын сапатынын начар экендиги аныкталган.

Бишкек шаарындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунда 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашына 96,25 сом сарпталат. Ал эми Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканада 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашына 65,70 сом бөлүнөт. Бул сумма бейтаптарды пайдалуу, организмди керектүү заттар менен чыңдай турган тамактар менен камсыздоого жетпейт.

Акыркы жылдардагы азык-түлүккө баанын өсүүсүнө карабай, бейтаптардын тамак-ашына бөлүнгөн каражаттын өлчөмү 2017-жылдан бери өзгөргөн эмес. Салыштырмалуу өлкөнүн түштүк аймагындагы ушундай эле дарылоо мекемелеринде бейтаптардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат жогору экендиги айтылат маалыматта.

«Мисалы, Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканасында бейтаптардын тамагына – 170 сом, Ош шаарындагы облустук психиатрия жана наркология борборунда – 250 сом, Жалал-Абад облустук психиатрия жана наркология борборунда – 159 сом бөлүнөт.

“Ооруканаларда терапиялык тамактанууну уюштуруу жөнүндө” нускамага ылайык,(2017-жыл, №746) сапаттуу тамактануу дарылоо процессине жакшы өбөлгө болот. Ошондуктан, бейтаптарга 4 маал, керектүү азык-заттар менен камсыз болгон тамак-аш берилиши шарт», – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бейтаптардын тамактануусуна акчаны көбөйтүүнү сунуштап Министрлер кабинетинин төрагасына кат жолдогон.

Акыйкатчынын сунушунун негизинде, 2025-жылдын апрель айынан тарта Бишкек шаарындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунда 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашы 180 сомго, ал эми, Чым-Коргондогу Республикалык психиатриялык ооруканадагы 1 бейтаптын 1 күндүк тамак-ашы 130 сомго чейин жогорулаган. Андан сырткары, аталган ооруканалардын жетекчилери тартиптик жазага тартылган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version