Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бишкек шаарынын мэринин демилгеси менен муниципалдык башкаруу системасын түп-тамырынан бери реформалоо башталды. Мэрия билдиргендей, бул коррупциялык схемаларды толугу менен жоюуга жана шаардык активдер менен иштөөнүн жаңы системасын түзүүгө багытталган.

Өзгөртүүлөрдүн алкагында кадр саясаты кайра каралат: мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү бардык негизги кызмат орундарына жаңы адистер келет. Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин учурдагы кызматкерлери мэриянын башка кызматтарында ишке орноштурулат.

«Мэрдин жеке буйругу менен Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин текшерүүсү жүргүзүлүп, анда:

* муниципалдык мүлктү натыйжасыз пайдалануу,

* ижара мамилелерин түзүүдөгү көптөгөн мыйзам бузуулар,

* чечим кабыл алууда ачык-айкындуулуктун жоктугу,

* ишкерлерден жана шаар тургундарынан түшкөн даттануулар аныкталган.

Натыйжада Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департамент жоюлуп, анын функциялары Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына өткөрүлүп берилди.

Бул чаралар:

* мүлктү эсепке алуунун санариптик системасын киргизүүгө,

* бардык бүтүмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга,

* шаардык активдердин колдонулушуна болгон көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет», – деп айтылат расмий маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version