Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бишкек шаарында өтүп жаткан Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнирде Кыргызстандын 15 спортчусу коло медалга ээ болду.

2-майда турнирдин жарым финалдык беттешүүлөрү болуп, ага Кыргызстандан 31 спортчу катышты.

1/2 финалдын жыйынтыгында 16 кыргызстандык финалга өттү, ал эми 15 спортчу жеңилип, турнирдин коло байгесине ээ болушту.

Коло байге ээлери:

– Дурусбек Айтматов (48 кг чейин)

– Жеңиш Улпатов (51 кг чейин)

– Актилек Доктурбаев жана Кайрат Калмуратов (экөө тең 54 кг чейин)

– Анарбек Мурзабаев жана Элхан Молдогазиев (57 кг чейин)

– Александр Мартынюк жана Урмат Аманкулов (63,5 кг чейин)

– Айбас Оразбеков жана Омар Ливаза (67 кг чейин)

– Исломбек Тургунов жана Сыргак Абдыжапар уулу (75 кг чейин)

– Азим Чойбеков (86 кг чейин)

– Нурсултан Болотбеков (92 кг чейин)

– Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору)

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version