Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бишкектеги көчөдө мушташ болду, деп билдирди 18-майда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.
17-майда социалдык тармактарда Ахунбаев—Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки жигиттин мушташы тартылган видео тараган. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Анын алкагында жаңжалдын катышуучулары милицияга жеткирилди.
Алгачкы маалыматтар боюнча, К.Д. (2005-жылы туулган) Ш.И. (1997-жылы туулган) жанындагы кыз менен урушуп жатканын көрүп, кызга жардам көрсөтүү үчүн алардын жаңжалына аралашкан. Мушташтан кийин эки тарап тең бири-бирине арыз жазышкан.
Ш.И. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлдү. Ал Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					