Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бишкектеги көчөдө мушташ болду, деп билдирди 18-майда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.

17-майда социалдык тармактарда Ахунбаев—Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки жигиттин мушташы тартылган видео тараган.  Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Анын алкагында жаңжалдын  катышуучулары милицияга жеткирилди.

Алгачкы маалыматтар боюнча, К.Д. (2005-жылы туулган) Ш.И. (1997-жылы туулган) жанындагы кыз менен урушуп жатканын көрүп, кызга жардам көрсөтүү үчүн алардын жаңжалына аралашкан. Мушташтан кийин эки тарап тең бири-бирине арыз жазышкан. 

Ш.И. аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлдү. Ал Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version