Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Окуу жайдын каражатын мыйзамсыз пайдаланууга шектелип эки аялды кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

2023-жылдын декабрь айында милицияга аял киши кайрылып, Бишкек шаарындагы колледждердин биринин бухгалтериясынын кызматкерлерине карата чара көрүүнө өтүнгөн. Аудитордук текшерүү учурунда 2022, 2023-жылдарга таандык документтердин жоктугу аныкталган. Милициянын маалыматы боюнча, колледж 29 млн 69 миң 573 сомдук зыянга учураган.

Борбор калаанын милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө  иш-чараларын жүргүзүү учурунда 1979-жылы туулган О.А. жана 1983-жылы туулган Т.О. кармалган. Алар 2 айга тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version