Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүндө мамлекетке 845 миң 140 сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тактап айтканда райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 2024-жылы Чаек айыл өкмөтүндө иштебеген жарандарга эмгек акы төлөнгөндүгү жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине ашыкча айлык эсептелгендиги аныкталып, мамлекетке келтирилген зыян 845 140 сомду түзгөн.

«Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», – деп айтылат расмий маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version