Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры алгачкы жолу Бишкекке гастролдук сапар менен келет. деп маалымдады Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.

Ага ылайык, 19-20-май күндөрү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында спектаклдер тартууланат.

19-май улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Делбирим» повестинин негизинде сахналаштырылган «Шынарым менің, шырайлым менің» («Чынарым менин, чырайлуум менин») спектакли көрсөтүлөт. Ал – назик лирикага жана трагизмге, философияга жана түбөлүк адамдык суроолорго толгон чыгарма.

20-май кыргыздын белгилүү драматургу Жеңишгүл Өзүбекованын пьесасынын негизинде «Толғақ» («Толгоо») спектакли коюлат. Ал – аял тагдыры, энелик сезим, сыртынан көрүнбөгөн азап жана барын өзгөрткөн тагдыр тандоосу тууралуу күчтүү эмоцияга бай чыгарма.

Спектаклдер саат 19:00дө башталат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version