Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush —
Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айыл өкмөтүндө энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу Кетмен-Төбө айылынын аялдар кеңеши билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара Хуриев атындагы №5 орто мектебинде, «Эне бакыт — эне нур» деген темада белгиленди.
Бул иш-чарада энелерге арналган эң сонун көркөм айтуу, обондуу ырлар, бийлер жана клиптер көрсөтүлдү, мектеп менен тыгыз байланышта болгон активдүү ата-энелерге аялдар кеңеши тарабынан грамоталар тапшырылып, кызыктуу оюндар ойнотулду.
Бул өзгөчө күндө окуучулар өз апаларына болгон сүйүүсүн жана ыраазычылыгын ыр, бий, куттуктоо сөздөрү жана көркөм номерлери аркылуу көрсөтүштү.
Иш-чарага жалпы 60 аял катышты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					