Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush

Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айыл өкмөтүндө энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу Кетмен-Төбө айылынын аялдар кеңеши билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Хуриев атындагы №5 орто мектебинде, «Эне бакыт — эне нур» деген темада белгиленди.

Бул иш-чарада энелерге арналган эң сонун көркөм айтуу, обондуу ырлар, бийлер жана клиптер көрсөтүлдү, мектеп менен тыгыз байланышта болгон  активдүү ата-энелерге аялдар кеңеши тарабынан грамоталар тапшырылып, кызыктуу оюндар ойнотулду.

Бул өзгөчө күндө окуучулар өз апаларына болгон сүйүүсүн жана ыраазычылыгын ыр, бий, куттуктоо сөздөрү жана көркөм номерлери аркылуу көрсөтүштү. 

Иш-чарага жалпы 60 аял катышты.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version