Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushОш облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылында милиция кызматкери 55 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Алдын ала маалыматка карганда, окуя 8-май күнү саат 23:30дар чамасында Бишкек—Ош автоунаа жолунун 645-чакырымында болгон. Жабыркаган жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

«2025-жылдын 8-май күнү саат 23:30дар чамасында Бишкек—Ош автоунаа жолунун 645-чакырымында Отуз-Адыр айыл аймагынын Кайрагач айылында Кара-Кулжа РИИБдин кызматкери Э.у.И. кызматтык “Chevrolet Cobalt” үлгүсүндөгү сол рулдуу автоунаасын башкарып бара жатып, жолдон өтүп жаткан жөө жүргүнчү — Манас айыл аймагынын Кызыл-Мээнет айылынын тургуну, 1970-жылы туулган Ж.Х.ны койдуруп кеткен. Анын кесепетинен жөө жүргүнчү Ж.Х. денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version