Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush —
Каракол шаарындагы «Жеңиш» эс алуу багында Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.
Маалым болгондой, анда тынчтык үчүн курман болгон баатырларды эскерүү митинг-реквием болду.
Эстеликке гүл чамбарлары коюлуп, асманга ок атылып, солдат ашканасы уюшулуп, аскер боткосу берилди.
- Улуу Ата Мекендик согушка Ысык-Көл жергесинен 50 миң жоокер аттанып, 14500 адам согуш талаасында курман болуп, эрдик көрсөткөн. 14 жоокерге Советтер Союзунун баатыры наамы ыйгарылган.
Тургундарды президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев жана Каракол шаарынын мэри Тимур Мадяров куттукташты.
«Жеңиш вальсы» акциясы уюшулуп, согуш ырлары ырдалды. Ошондой эле спорттук оюндар өткөрүлүүдө. Кечинде 20:00дөн тарта театрлаштырылган концерттик программа тартууланат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
