Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush 

Каракол шаарындагы «Жеңиш» эс алуу багында Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, анда тынчтык үчүн курман болгон баатырларды эскерүү митинг-реквием болду.

Эстеликке гүл чамбарлары коюлуп, асманга ок атылып, солдат ашканасы уюшулуп, аскер боткосу берилди.

  • Улуу Ата Мекендик согушка Ысык-Көл жергесинен 50 миң жоокер аттанып, 14500 адам согуш талаасында курман болуп, эрдик көрсөткөн. 14 жоокерге Советтер Союзунун баатыры наамы ыйгарылган.

Тургундарды президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев жана Каракол шаарынын мэри Тимур Мадяров куттукташты.

«Жеңиш вальсы» акциясы уюшулуп, согуш ырлары ырдалды. Ошондой эле спорттук оюндар өткөрүлүүдө. Кечинде 20:00дөн тарта театрлаштырылган концерттик программа тартууланат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version