Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Келерки дүйнө чемпионатында Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын бардык атаандаштары белгилүү болду.
2025-жылы кыргызстандык команда Түркияда 21-27-апрелде өткөн үчүнчү дивизиондун (А тайпасы) командаларынын турнирин жеңишти. Кыргызстандын курама командасы алтын медалга ээ болуп, 2026-жылга экинчи дивизионго (В тайпа) жолдомо алды.
2026-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 6 курама команда ойнойт:
– Исландия, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 2-орун
– Жаңы Зеландия, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 3-орун
– Болгария, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 4-орун
– Кытай Тайбэйи, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 5-орун
– Израиль, 2025-жылы экинчи дивизиондо (А тайпасы) 6-орун
– Кыргызстан, 2025-жылы үчүнчү дивизиондо (А тайпасы) 1-орун
2026-жылы дүйнө чемпионаты өтүүчү жер май айындагы конгрессте белгилүү болот.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
