Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Келерки дүйнө чемпионатында Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын бардык атаандаштары белгилүү болду.

2025-жылы кыргызстандык команда Түркияда 21-27-апрелде өткөн үчүнчү дивизиондун (А тайпасы) командаларынын турнирин жеңишти. Кыргызстандын курама командасы алтын медалга ээ болуп, 2026-жылга экинчи дивизионго (В тайпа) жолдомо алды.

2026-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 6 курама команда ойнойт:

Исландия, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 2-орун

Жаңы Зеландия, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 3-орун

Болгария, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 4-орун

Кытай Тайбэйи, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 5-орун

Израиль, 2025-жылы экинчи дивизиондо (А тайпасы) 6-орун

Кыргызстан, 2025-жылы үчүнчү дивизиондо (А тайпасы) 1-орун

2026-жылы дүйнө чемпионаты өтүүчү жер май айындагы конгрессте белгилүү болот.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version