Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Искра менен Чым-Коргон айылдарынын ортосундагы ички жолдун боюндагы көчөттөр куурап, өлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, бул көчөттөр тигилгенине 3-4 жыл болгон.

«Видео, 9-май күнү тартылды. Суу жетпей куурап өлүп, арасынан жоголуп да кеткендерин байкадык», – деди тургундар.

Ал эми Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, бул көчөттөр 5 жыл мурун тигилгенин, ордуна жаңыртылып көчөт отургузуларын билдиришти.

«Бул боюнча бизге да кабар жеткенде, дароо эле жеринен барып көрдүк. Чым-Коргон айылынын кире беришиндеги стелланын артында экен. Чынында суу жетпей куурап калыптыр. Мындан 5 жыл мурун тигилгени аныкталды. Ага арык менен суу келбейт жана ташып суу куюш керек экен. Биз ал көчөттөрдүн ордуна башка жаңы көчөттөрдү тигип, суу тартып барабыз», – деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version