Кочкор районунда Энелер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунда Энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондогу маданият үйүндө энелер күнүнө карата «Улуттун келечеги энелердин колунда» аттуу иш-чара өттү.

Аталган иш-чарага райондогу баатыр энелер, көп балалуу энелер катышып, аларга белектер берилди. Ошондой эле, М.Мусулманкулов атындагы исскуство мектебинин өнөрпоздору тарабынан энелерге концерт тартууланды.

  • Кочкор районунда 849 «Баатыр эне» бар, алардын улуусу Жекей Молдобаева 105 жашта.

«Баатыр эне» ордени менен энелер 7 жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

«Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) Мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link